Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата майрамдык иш-чара башталды.
Анда өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
“Мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда бүгүнкүдөй чоң салтанаттын коштоосунда өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам элибиздин биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт. Албетте, 3 миң жылдан ашкан тарыхыбызда 31 жыл бир көз ирмемдей эле мезгил.
Ушул күнү Кыргызстандын эркиндигин эңсеп тилеп, ал үчүн жан аябай тынымсыз күрөшүп келген ата-бабаларыбыздын эрдигин жана элесин эстен чыгарбайбыз”, - деди өлкө башчы.