Депутаттар жаңы таштанды полигонун курууга бөлүнгөн 22 миллион евро дайынсыз экенин айтышты

Бүгүн, 10-сентябрда “Элдик” депутаттык тобу Бишкек шаардык таштанды полигонунда көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаанын экологиясына жана шаар тургундарынын ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан жагдайды чечүү маселесин жеринде талкуулашты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров баштаган Бишкек шаарынын тиешелүү жетекчилери, Башкы прокуратуранын жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Анда депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы таштандыны рекультивациялоого жана жаңы полигон курууга 22 миллион евро бөлгөнүн, бирок эч кандай жумуш жасалбагандыгын, мындан улам маселенин чечилишине кедергисин тийгизген жагдайларды так белгилеп, күнөөлүүлөрдү да элге ачык айтуу керектигин билдирди.

Ал эми 22 миллион евронун кайда коротулганын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо да бул жаатта олуттуу мыйзам бузуулар бар экенин айтып, керектүү маалыматтарды толук изилдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Мындан тышкары жыйында калаадагы таштанды көйгөйү да көтөрүлүп, депутаттык топтун мүчөлөрү калаа башчысын тазалыкка көңүл бурууга чакырышканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан