Алматыдагы мейманканалардын биринде сойкулук максатта күч менен кармалган кыргыз кыздары бошотулду

31-октябрда Алматы шаарындагы КРнын Генералдык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Казакстандын укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте сексуалдык кулчулукта жүргөн кыргыз кыздарын бошотушту. Кыргызстандын жараны 1993-жылкы А. жана жашы жете элек 1997-жылкы Бнын шаардагы жеке мейманканалардын биринде күч менен кармалып жаткандыгы маалым болду. Бул факты боюнча Казакстандын мыйзамдарынын негизинде киши сатуу, кулчулук жана сексуалдык эксплуатациялоо боюнча кылмыш иши козголду. Кыздар тиешелүү текшерүүдөн өтөр замат Кыргызстанга жиберилмекчи. КРнын Алматыдагы Генералдык өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянсак, Кыргызстандан аталган коңшу өлкөгө мыйзамсыз түрдө сойкулук максатта кыздарды жеткирип берүүчү кылмыштык схемасынын бети ачылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ELKA-87kg
2012-11-05 00:56:00
Адам саткан адамдарды катуу жазалоо керек!!! Акча деп адам саткан жакшылыгы жоктор жазанарды кудай озу берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан