Нарында жаш футболчуларга колдоо көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповдун резервдик фондунан бөлүнгөн 20 миң сомдук каражат Нарын облусундагы Футбол федерациясынын аткаруучу директору Болот Бектемишовго тапшырылды. Бул тууралуу 5-августта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Бапан Белеков билдирди.

Берилген каражат үстүбүздөгү жылдын 12-13-август күндөрү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарчасында өтө турган футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы «Келечек» деп аталган республикалык турнирге барып келүү үчүн жумшалат. 

Өз кезегинде Болот Бектемишов облустук федерациянын жана бул мелдешке катышканга даярданып жаткан жаш булгаары топ ээлеринин атынан облустун өкүлүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле даярдыктар жакшы жана байгелүү орундарды ээлөө боюнча мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurando
2014-08-05 18:46:16
Баткен облусу кадамжай району Алга айлына да ушундай колодоо корсоткуло эн мыкты ойунчулар бар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан