Акыйкатчы Турсунбек Акун 5 жыл ичинде 500 жолу чет элдик сапарга чыккан.
Бул тууралуу бүгүн, 22-январда маалымат жыйын өткөргөн Акыйкатчы институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Азим Акматов билдирди. Анын айтымында, акыйкатчынын иш сапарлары чектен ашыкча. "Сапарлардын жарымынан көбү анын жеке каалоосу менен болгон. Бул чет жакка чыгуулардын 300ү ошол барган мамлекет тарабынан төлөнгөн, бирок ошол акчаны ал кайра мамлекетке төгүп берген эмес” деген Акматов 5 жыл ичинде Акыйкатчы институтунда иштеген кызматкерлердин жарымы иштен алынганын кошумчалады.