«БАЛАМДЫН БАШЫ КҮН САНАП ЧОӉОЮУДА»

Жашоодо түрдүү тагдырлар кездешет. Бул ирет Талас өрөөнүнө барып, 2 жарым жаштагы Рахманберди Шырдакбековдун жана анын атасы Алмазбек Рысбаевдин аянычтуу тагдырлары менен таанышып кайттык.

«ВРАЧТАР МЕНИ ООРУКАНАДАН ЧЫГАРЫП САЛЫШКАН»
– Өзүм 1973-жылы Талас районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөм. 9-классты бүткөн соӊ райондогу кесиптик окуу жайга тапшырдым. 1988-89-жылдары окуумдан практикага чыгып, малчы болуп иштедим. Ошол жакта иштеп жүргөндө сол бутумду үшүк алып кетти. Алгач бутумдун манжаларына жара чыкты. 1990-жылы райондук ооруканага келсем, башкы дарыгер Ташкентке кеткен экен. Анын 3 жардамчысы «бутуӊду биз дарылайбыз» дешип, тырмагымды жулуп салышкан. Ошондон тарта манжаларым карарып кетти. Башкы дарыгер Ташкенттен келген соӊ бутумду текшерип, «муну бул жактан дарылай албайбыз» деп борборго жиберди. Ал жак зорго кабыл алышып, бутумдун бармагын, андан кийин бардык манжаларымды, акыры таманымдын жарымын кесишти. Аягында «биздин колубуздан келбейт экен, кыргызчылык менен дарылан» деп ооруканадан чыгарып салышты. Токмок шаарында Жуманалы деген аксакал бар деп угуп, ошого барып дарыланып, ал бутумду айыктырды. Ошентип сол бутумдун жарымы жок 3-топтогу майып болуп калдым. Башында сол бутум күн суукта ооручу. Былтыртан бери оӊ бутума да өтүп, оӊ бутум да жайы-кышы какшайт. Эшикке чыга албайм. Чыксам 2 саатка чейин эле жүрүп, кайра келип жылуу мешке буттарымды кактап отурушум керек.

«ДАРЫГЕРЛЕР БАЛАӉАР АДАМ БОЛБОЙТ ДЕШТИ»
– 2006-жылы үйлөнүп, балалуу болдук. Улуусу кыз. Азыр 2-класста окуп жатат. Андан кийин 2008-жылы жубайым уул төрөп, 1 күндөн соӊ ал чарчап калды. Дарыгерлер «организми, жүрөгү начар» деп түшүндүрүштү. Андан кийин дагы эки жолу эркек балалуу болгонбуз, алар да көпкө жашашкан жок.
2013-жылы бул уулубуз төрөлдү. Атын Рахманберди деп койдук. Мунун да «каны аз, организми алсыз» дешип дарыгерлер кан куюшту. Үйгө чыгып келген соӊ 3 айдан кийин уулумдун башы чоӊоюп баштады. Таластагы балдар дарыгерлерине көрсөтсөк, «муну биз дарылай албайбыз, балаӊар адам болбойт, жөн эле убара болуп жатасыӊар» деп коюшканынан Бишкекке нейрохирургия бөлүмүнө алып бардык. Ал жактагылар гидроцефалия (суюктук көп топтолгондуктан баш мээсинин кадыресе өөрчүүсүнүн бузулушу) деген диагноз коюшуп, «баланын башына сары суу толуп кетиптир» деп тазалап беришкен. Кийин дагы бир жолу барып тазалаттырдык. 3-жолу алып барсак, «мунуӊар болбойт» дешип кабыл албай коюшту. Дарыгерлер мага «Мээнин эки капталында эт болот, ошону алып таштамайынча ал эттерден сары суу чыгып, баланын башы чоӊоё берет. Баш сөөгү ажырап, териси эле кармап турат. Муну биз дарылай албайбыз, чет өлкөгө алып бар» дешти.

«УУЛУМДУ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ДАРЫЛАТСА БОЛОТ ЭКЕН»
– Сураштырсам бир киши мурда ушул оору менен ооруган баласын Түркиядан операция жасатып, айыктырып келиптир. Анын айтымында, операция жасатууга 30-50 миӊ доллар каражат сарпталат экен. Менде андай каражат жок.
Баламды азыр үйдө эле карап жатабыз. Кыймылдабайт, сүйлөбөйт. Башы чоӊойгон сайын көзүнүн териси тартылып, көрбөй да калды. Кыймылсыз жата бергендиктен аркасынын, башынын терилери да оюлуп, ириӊдеп баштаганынан ар кайсы дарыны сүйкөп жатабыз. Көп ыйлайт, кайсы жери ооруп жатканын да билбейбиз.
30 сотых үлүш жерим бар, ошону эптеп иштетип жан багабыз. Уулум экөөбүз майып катары 3 миӊ сомдон 6 миӊ сом пенсия алабыз. Балама жөлөк пул да алайын десем, «кирешеӊер ашып кетет» деп коюшкан. Уулумду Бишкекке ооруканага алып барууга акчам жок болгондуктан банктан 40 миӊ сом насыя алгам. Аны төлөй албай калып, банк кызматкерлери улам-улам келип жатышат. Алган пенсиябызды ошол жакка беребиз. Үйүм, чарбагым жок. Инимдин үйүндө убактылуу жашайм.
Былтыр Рахманбердиге бир кайрымдуулук фонду «бала сүт ичсин» деп бир уй берген, аны саап ичип жатабыз. Кайрымдуу мекендештеримден уулумду айыктырып алууга жардам сурайм.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Musio
2015-12-15 01:26:06
500 сомдон баарыбыз болгон жардамды берелик Аллахым жамандыктан сактасын.
+6
Shahrizaada
2015-12-15 01:30:11
Креслобуз сынды алмаштырабыз, бизге жардамчы керек деп долуланбай депутаттар бир айлык маянанардын жарымын берип койсонор кыянаттык сооп кылган болоор эленер эл учун.
+1
mira77
2015-12-15 01:56:46
Ойдодо жазышыптырго Оштогу дарыгерлерге кайрылып корбойсуздорбу балким шыпаасы болуп калат чын эле кээде борбордо эмес айылдарда деле оз ишин жакшы билген врачтар кездешет счет ачкыла жардам беруучулор толтура дуйно жузу колунан келгенин жардам кылабыз.
0
mira77
2015-12-15 01:58:08
Айыгып эле кетсинчи журогум тилинип кетти коруп
+1
Aiya9322
2015-12-15 02:01:29
Мына тамаша бирооно тороп берсе жаны машина, бироого ооруп жатса кирешенер ашып кетет дейт.. Аллахым шыпаасын берсин. Оо адамзат эмне болуп баратабыз. Колунардан келгендер, шарты барлар колунардан келген жардамынарды аябагылачы.
+2
4ok4oloi
2015-12-15 11:07:55
Балага жаман болуптур айыгып кетсин.Менин балам да 7 айлык торолгон Россияда.Торолгондон 10 кундон кийин врачтар гидроцефалия деген диагноз коюшкан кунуно эки маалдан башынан суу алышчу.Балам 24 кундук болгондо шунт коюшкан бирок башы аз аздан чонойду.Ошол шунт менен бир жарым жыл журду врачтар баламы кайра-кайра текшеришип шунттун кереги жок алыш керек деп алып ташташты.Азыр балам 2 жарым жаш юолуп калды кудайга шугур башканына аз эле болду акыл эси жайында кичинеден суйлоп жатат.
0
AshatMJ89
2015-12-15 11:59:28
karona
2015-12-15 16:28:27
Аллах озу жардам бере корсун, шыпаасын берерин унутпасын.
+2
omka100514
2015-12-15 17:15:10
азыр эле жанылыктардан кордум президентибиз Рахманбердинин даарылануусуна 100 000 сом акча болуп бериптир жана баланын даарылануусуна озгочо конул буруларын айтыптыр. Эми нейрохирургдар жакшы даарылап, эгер болсо шунт койуп беришсин
+1
samira8589
2015-12-15 18:27:39
Кандай Гана окунучтуу журок оорутарлык тагдыр, аллахым кийинки жашоонуздарды татынакай кылып берген болсун оомийн, ыйладым, ыйладым
+1
Sonun93
2015-12-15 18:38:15
Кудайым дартын берсе Дабаасында берет ! Ылаайым баланыз жакшы болуп кетсин!
+1
ayper
2015-12-15 19:27:56
Кудайым шыпаасын берсин
+1
munara86
2015-12-15 20:37:51
Дуйнодо балдар оорубасынчы жараткан Аллпхым.
+1
AlbertEnshtein
2015-12-17 22:49:05
жанагы евросоюздан канчаям миллион грант келди деп жатасынар го. супер инфо тиешелу комитеттерге кайрылып, жардам беруусун сурап бергиле.
мен оз жеке оюмду айтсам, кудай сактасын го, эч кимдин баласы оорубасын, бирок карап отура бербей бойрогун сатып болсо да даарыласа болмок атасы
0
arimle90
2015-12-18 21:47:06
Эх кудайым, соц.сеттердеги суроттордон коруп анча ишенбей журдум эле. Корсо биздин эле Кыргызстанда турбайбы. Алла Таалам шыпаасын берип сакайып кетсин!
0
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан