Президент Алмазбек Атамбаев гидроцефалия (суюктук көп топтолгондуктан, баш мээсинин кадыресе өрчүсүнүн бузулушу) деген оору менен ооруган 2 жашар Рахманбердинин атасы Алмасбек Рысбаевге материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент баланын дарылануусуна 100 миң сом бөлүп берди. Мындан тышкары өлкө башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине Рахманбердиге медициналык жардам көрсөтүү маселесин өзгөчө көзөмөлүнө алууну тапшырды.
Айта кетсек, Рахманбердинин атасы "Супер-Инфо" гезитине баласынын оорусу тууралуу кенен айтып берген.