ӨЗБЕКСТАНДЫ ОЙЛОНТКОН ОРТО-ТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ

Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын 18-мартында Аксы районундагы өзбек-кыргыз чек арасындагы Чаласарт тилкесине өзбек аскерлери БТР менен келип, блок-пост орнотуп, кыргыз жарандарынын паспортторун текшере башташкан. Эки өлкө ортосунда абал чыңалып, кыжырданган карапайым элдин арасында күтүүсүз жаңжал чыгып кетиши толук мүмкүн эле. Өзбек чек арачылары 26-мартта аймактан чыгып кетишкен. 22-августта да ошол эле Аксы районундагы Үңкүр-Тоого тик учак менен Өзбекстандын күч органдарынын кызматкерлери келип, Кыргыз өлкөсүнүн телемунарасынын ишин көзөмөлдөгөн кызматкерлерин кармап кетишкен. 18-сентябрда гана сүйлөшүүлөрдөн кийин аларды коё беришкен болчу. Коңшулардын кайра-кайра сес көрсөтүп жатканынын негизги себеби – Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычында.

ОРТО-ТОКОЙ СУУ САКТАГЫЧЫ ТУУРАЛУУ

Курулушу:
1941-жылы башталып, согуштан кийин бүткөн.
Максаты: Өзбек ССРинин жана Ала-Бука районунун ылдыйкы өрөөндө жайгашкан айылдарындагы эгин талааларын сугаруу.
Кеткен каражат: 71,1 миллион рубль (Өзбек ССРи каржылаган).
1992-жылы эки өлкө президенттери суу сактагычты Кыргыз мамлекетине өткөрүү боюнча документке кол коюшкан. Ошол келишимди аткаруу иштери уланууда.

"ЧЕК АРАЧЫЛАРБЫЗ ДЕШЕТ, ЧЫНЫНДА АЛАР СПЕЦНАЗДАР"

Орто-Токой суу сактагычына барган учурубузда унаа менен аймакты текшерип жүргөн милиция кызматкерлерине туш келдик. Аймакты ИИМдин "Шумкар" атайын дайындалган полкунун кызматкерлери кайтарууга алышат. Алар биздин документтерибизди да текшерип, андан соң гана өздөрү жашап жаткан жерине алып барышты. Бул милиция кызматкерлери Өзбекстандын аскерлери 18-мартта Үңкүр-Тоого киргизилгенде суу сактагычты кайтарууга коюлган. Ошондон бери чатырларда жашап, тапшырмаларын аткарып жатышыптыр. Суу сактагычтын учурдагы абалы жөнүндө "Шумкардын" ошол жерди кайтарган бөлүмүнүн башчысы Пайзибай Исраилов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бизге Орто-Токой суу сактагычы катары белгилүү болсо, өзбек тарап бул аймакты "Касан-Сай суу сактагычы" деп аташат. Союз учурунда ижарага алышкан экен, бирок келишим бүткөн соң да аймактан чыкпай жатышат. Мурда бул аймакка убактылуу жашап туруу үчүн бир нече үй-бүлөнү жайгаштырышкан. Бүгүнкү күнгө келип ошол жашап жаткан адамдар өзбекстандык деп эсептелинип, алардын "бул аймак биздики болгон" деп талашуусуна негизги себеп болуп берүүдө. Учурда суу сактагыч жана анын түндүк-чыгыш тарабындагы өзбек өлкөсүнүн 37 жараны жашап жаткан аймак толугу менен коңшу өлкөнүн көзөмөлүндө. Плотинаны кайтарган аскерлеринин саны так эмес. Ал эми аймактын жашоочуларын кайтарып жаткан 28 чек арачысы бар. Бирок алар жөнөкөй чек арачылар эмес, спецназдар. Мындай маанилүү аймакка атайын даярдыктагы кызматкерлерин коюшкан. Бизге болсо өздөрүн чек арачыларбыз деп тааныштырышат. Өзбекстандын тургундары жана чек арачылар турган аймакты биз курчап турабыз. Белгиленген чектен чыкса биздин көзөмөлгө туш келишет. Турмушка керектүү нерселерди Өзбекстандан алып келишет. Биз ар бир кирген, чыкканын текшерип турабыз. Эгер ооруп калышса "Тез жардам" унаабыз менен чек арага жеткирип коёбуз.
Мурда суу чогулганда айылга чейин жетип келчү экен. Учурда андай суу жок. Мурункудай эле көлөмдө суу агып келет, бирок токтобостон Өзбекстанга агып өтүп жатат. Плотина азырынча алардын кайтаруусунда. Кээде өзүм абалды билүү үчүн куралсыз плотинага бара алам. Айрым так эмес маалыматтарга караганда, агып өтүп жаткан сууну Наманган облусуна чогултуп, бир нече көлмө пайда кылышыптыр.

"МУРУНКУ АЙЫЛ СУУ АСТЫНДА КАЛЫП КАЛГАН"

Жергиликтүү жашоочу катары суу сактагычка байланыштуу окуяларга активдүү катышып жүргөн Орто-Токой айылынын тургуну Эрмамат Темиралиев бизге кошумча маалыматтарды айтып берди:
– Мурда чек катары орнотулган казыктарды Өзбекстандын чек арачылары жылдырып, суу сактагычка кошуп дагы 100 метрдей жерди ээлеп алышкан. Ал жер учурда алардын айылы деп эсептелинип жатат. Союз маалында атам ошол жерде иштеген экен, азыр 90го чыгып калды. Казыктарды кайсы жерден жылдырып коюшканын так билет. Жетекчилерден келишсе тактаганга жардам бермекпиз. Биздин маалымат боюнча, 1980-жылы келишимдин негизинде суу сактагыч бизге өтүшү керек эле, бирок 36 жылдан бери чече албай жатабыз. Мурда суу сактагычтын ордунда Орто-Токой айылы бар болчу. Айылдын мурунку аймагы суу астында калып, эл андан бир аз жогору отурукташкан.
Чек ара маселеси чыкканга чейин биздин айыл тарапка өзбек чек арачылары келсе жакалашып, жаңжал чыгарчубуз. Азыр эми биздин да милиция кызматкерлерибиз келгендиктен, абал тынч. Өзбекстанга өтүп жаткан дарыяга жакын жердеги Орток-Бел деген тилкеге суу чыгаралы десек, Өзбекстан тоскоолдук кылып жатат.

"КУРАЛ КӨТӨРГӨНДӨР КООПТОНДУРАТ"

Аймакка жакын жайгашкан Орто-Токой айылын аралап, тургундардын ойлорун уктук. Чырлуу аймакка эң жакын жашаган элдин турмушу тууралуу 61 жаштагы Уулкан Наралиева төмөнкүлөргө токтолду:
– 43 жылдан бери ушул жерде жашайм. Суу сактагычта эле көйгөй болбосо, жашоочулар арасында көп маселе жарала бербейт. Бирок курал көтөрүп жүргөн адамдар баары бир кооптондурат. Ушул жерлер тезирээк чечилсе бизге да жакшы болмок. Чочулабай жашамакпыз. Өзбекстан качан жерибизди алып коёт экен деп үйлөрүбүздү да көп жасай бербейбиз. Биздин жетекчилер келгенде "силер бул жерден көчпөй жашап тургула, биз аймакты сөзсүз кайтарабыз" деп айтышат. Ошолордун сөзүнө макул болуп жашап жатабыз. Биздин аскерлердин мамилеси жакшы, кээде үй иштерине да жардам берип турушат. Телефондорун биздикине алып келип, кубаттандырып кетишет.

"СУУ САКТАГЫЧ ЧЕК АРАДАН 13 ЧАКЫРЫМ ИЧКЕРИ ЖАЙГАШКАН"

Суу сактагычты барып көрүп келген соң абал боюнча район башкармалыгынан да маалымат алдык. Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Көп учурда Орто-Токой суу сактагычын өзбек-кыргыз чек арасында жайгашкан деп айтып жатышат. Бул туура эмес. Тескерисинче, мамлекеттик чек арадан 13 чакырым ичкериде, так айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайгашкан. Жалпысы суу сактагыч 850 гектар аймакты ээлейт. Ал 165 миллион куб сууга ылайыкташтырылып курулган, бирок эң көп толгондо 190 миллион кубга чейин жетет. Суу сактагычты кайтарып жаткандар менен байланышып, ал-абалын сурап, колдон келген жардамды берип турабыз. Ал эми өзбекстандык чек арачылардын чыгып кетүүсү боюнча бир нерсе айтыш кыйын. Себеби бул маселелер эки өлкөнүн өкмөттөрү аркылуу гана чечилет.

Плотинаны өзбек тарап кайтарат.


Биздин милиция кызматкерлери күндүзү ушундай чатырларда жашашат.


37 өзбек жараны жашаган аймактын кире бериши.


Атайын полктун кызматкерлери.


Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Keremet008
2017-01-19 01:50:08
Буну анавылар чечсе жакшы болмок. Кичирейип эле баратабыз го! Кыргызстанды коргойлу
+4
Bekbolot.akylbek
2017-01-19 04:42:58
урматту Алмазбек Атамбаев ушул чегара маселесин озбекстан президенти менен туздон туз отуруп суйлошуп чечип койсонуз жакшы болмок тарыхта калмаксыз
+5
argen.96osh
2017-01-19 09:21:37
Кыргыздар жоош деп ХХХ ХХХ. А биздин шептер унчукпай олтура берет. Мындай кетиш болбойт тартипти кучотуш керек
0
admin_superstan
2017-01-19 10:05:19
argen.96osh, улут аралык тушүнбөстүктү жаратчу билдирүүлөргө тыюу салынган.
0
kinsion
2017-01-19 16:07:57
мен, (б) президент болсом , проблемалардын баарын чечип коёмун,мен учун проблема не проблема
-4
Eraly___
2017-01-20 20:02:42
Биздин бийликтегилерибиз ушунчалык алсызбы я?
0
Patriotkgz93
2017-01-21 11:19:05
Кана колумдан келсе өз жеримди кайтарып алмакмын. Бийликте колунан келип бирок былжырап олтургандар Аллаh жазааңарды берсин.
+2
Khabib
2017-01-21 11:50:43
админ уллут аралык тушунблстук деп эле чыга калат экенсинерда жаны чыкандар жазатта жини келип кыргызстанда жашап кыргызстан учун куйуш керек да кыргызстан учун куйбогон башка уллуттаарды ХХХ ХХХ керек бизди болуп жаргандарда ошолор
0
admin_superstan
2017-01-23 10:06:11
Khabib, провокация жаратчу билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз, эрежелерге бир көз жүгүртүп келиңиз. http://www.super.kg/erejeler
-1
Taranchy
2017-01-21 17:54:53
Эл башына келгендер! Бийликке келгенде патриоттуулук сезим болобу силерде?! Эл алдында силерден мыкты адам жок... Иш жүзүндө тилиңерди балта кескендей - чечкинсиздер. Ата - бабабыз байырлаган жерди ар кимге алдырып коюп отурасынар! Минтип отура берсеңер силерге ким ишенет? Келечек кайда барат?! Баткенде мурда 3 анклав эле азыр 5 анклав болуптур. Бир күнү Баткенди биздики деп тороп алышат. анда да четте карап тура бересиңерби?! "негизи биздики болчу" деп
+2
senchi
2017-01-22 10:27:21
Плотинаны озбектер кайтарса анда эмнеге коруп кереги бар?
0
Kairylbaimyn..
2017-01-22 11:33:57
Картадан карасам озбекстандын границасы жылып келе жаткандайго карасуунун жарымы озбекстанга карайбы не ананда сузактагы серный озбекстандын ичинде корсотуп жататго
0
Aldyiar
2017-01-22 15:07:11
Биздин кызматкерлерибиз чатырларда жашашат экенда эээ ушул окмот ошол жерге пост, застава салып берсе жакшы болот эле озбектер оздоруно тын келишет аа биздин чондор оздорунун курсагынан башка эч нерсени билишбейт акмактар десе уят уят эле. Эгерде согуш болуп кетсе ошол чондор биринчи болуп аркасын карабай качышат кок мээлер.
+2
senchi
2017-01-22 19:53:01
Элим жерим деген чондор барбы бизде? Бир кун силердида Аллаа жазалайтго бирок кеч болот. Бизди ошол аскерлерибиз бар учун тынчтык бар, ошол жерге барып чек арада коргоп коргулочу 1 саатда туралбасанар керек жегичтер десе.
0
fahridin
2017-01-23 01:45:40
Кыргызстандын жерин кантип алалбайсынар ХХХ ХХХ каражантакты да алдырдынар шахимарданды да алдырдынар карупсиянерлер озунор тойсонор болду
0
admin_superstan
2017-01-23 10:07:52
fahridin, этика нормаларын сактаңыз, провокация жаратуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
fahridin
2017-01-23 01:47:57
Дагын тыюуу салынган антип жазганга болбойт десенер керек чындык менен болгула туугандар,
0
asiana
2017-01-24 09:26:48
Озбекстанды ойлонтуп атса, Кыргстанды ким ойлонтуп атат экен? Ушунча да байкуш бечера кайдыгер болобузбу? Эгер ошо жерди тескеринче Озбектерден биз алып иштеткенде алар секунд да ойлонтура койбой тепкилеп айдап чыкмак.
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан