Бейшенбай Жунусов Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан 19-февралда кабарлашты. Б.Жунусовдун кызматтан алынышы анын башка кызматка которулушу менен байланыштуу экени айтылды.