"Борбор калаадагы №4-төрөт үйүндө алмаштырылды" делген ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-февралда SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова тастыктады.
Маалыматка ылайык, алмаштырылды деп чуулгандуу окуяга кабылган ымыркай 27-январь күнү чарчап калган. Бул окуя боюнча кеңири маалымат алуу үчүн наристенин таенеси Разия Имамназаровага кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Ымыркайдын абалы башынан эле жакшы эмес болчу. Ал 27-январга чейин №3-балдар ооруканасында дарыгерлердин көзмөлүндө жатты. Дарыгерлердин айтымында, анын ички органдарында да маселе болгон. Неберемдин жанында кызым болуп, эмчек эмизип карап жатты. Тилекке каршы, ал чарчап калды. Анын туугандыгын аныктоочу анализди Орусияга бир жолу жибергенге жетиштик. Бирок аны жиберүүдө айрым нормалар сакталбагандыктан, эксперттер аны кабыл албай коюшкан. Ал эми экинчи экспертизага жөнөтүүгө үлгүрбөй калдык".
Айта кетсек, буга чейин алмаштырылды делген баланын атасы
"Эгер уулум табылып калса, бул кыздан да баш тартпайм. Эки баланы тең багып алууга кудуретим жетет" деп билдирген болчу.
Ал эми №4-төрөт үйүнүн башкы дарыгери
Бурул Алмазбекова ымыркай алмаштырылбагандыгын айтып, экспертизадан ал факт далилденгенде наристенин ата-энесин сотко берүүгө даяр экенин билдирип маалымат жыйынын өткөргөн.
Эске салсак, чарчап калган ымыркайдын энеси, 22 жаштагы Айнагүл Имамназарова "дени сак төрөлгөн уулубузду чуркусу (грыжасы) бар кызга алмаштырып койду" деп айтып чыккан. Кийин тиешелүү операция жасоо максатында ымыркай балдар ооруканасына которулган.