Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы маалымдалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда аталган айылдын тургуну билдирди.
“Коңшуларымдын айтымында, бул жерде күндө эшектер союлат. Алардын эттери Бишкектеги чайканаларга кетет экен деп жатышат. Арамды адал кылган туура эмес да!”- деди атын атагысы келбеген Ак-Жол айылынын тургуну.
Бул боюнча SUPER.KG порталынын журналисттери айылга барышканда аталган жайдын жумушчулары киргизбей коюшкан.
Бүгүн интернетте аталган жайдан тартылган сүрөттөр тараган эле. Бул окуя боюнча кененирээк видеорепортажды "Супер ТВдан" көрүп, "Супер-Инфо" гезитинин 27-февраль күнү чыга турган №643-санынан окуй аласыздар.