Кыргыз Республикасында спайс каражаты колдонууга тыюу салынган заттардын тизмесине киргизилген эмес. Мындан улам бул каражатты колдонгон же саткандарга кылмыш же административдик ишин козгоого мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Алымбай Султанов билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте спайс сатуу тууралуу жарнамалык жазуулар боюнча милиция иштеп жатат. "Бул жазуулар боюнча ИИМ "ээн баштык" беренесинин негизинде иш козгой алат. Ал эми Орусияда, Казакстанда, Беларуста спайс баңгизат катары эсептелет, бизде андай эмес. Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине кирген соң бул затка тыюу салынат",- деди Султанов.