Бүгүн, 4-мартта парламент жыйынында депутаттар адамдын эс-учун убактылуу жоготкон спайска тыюу салуу керектигин айтышты. Депутат Курмантай Абдиев аталган затка башка мамлекеттер бекеринен тыюу салбаганын айтты. "Интернетте, телеберүүлөрдө адам спайс чегип, эмне болуп жаткандыгын көргөнбүз. Биздин жаштарыбыздын арасында бул каражаттын жайылып кетишинин алдын алуу керек",- деди депутат.
Депутат Турсунбай Бакир уулу тиешелүү мыйзам долбоору парламентке сунушталарын айтты. "Спайска тыюу салууну май айына чейин күтүүнүн ордуна, тез арада муну токтотушубуз керек. Бир гана буга эмес, башка жыт чыгаруучу заттар, ваннага салынчу туздарга тыюу салууну демилгелейбиз",- деди Бакир уулу.