Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы жол толук асфальт төшөлүп бүтө электе талкаланып калды. Аталган 1,7 чакырым жолду 2014-жылдын ноябрь айында тендерден утуп чыккан “Грандстат” ЖЧКсы салган. Бирок суук түшүп калгандыктан, иш бир жарым ай ичинде бүткөрүлүп, сапатсыз аткарылгандыктан, кар эригенде асфальт жарылып, талкаланып калган. Конуш тургундары ишкана асфальттын астына шагыл төшөөнүн ордуна топурак төшөгөндүктөн, асфальт декабрь айында эле чөгүп кеткенин айтышты. Ал эми жолдун биринчи катмарына бөлүнгөн 69 миллион сомдун 33 миллиону сарпталган. Бишкек мэриясы учурда аталган ишкана өз каражатынын эсебинен жолду калыбына келтирип бермейинче экинчи катмарга делинген 36 миллион сом берилбей турганын билдирди.
“Грандстат” ЖЧКсы кечээ, 4-мартта чөгүп кеткен жолдун чуңкурчаларын толтуруп баштады. Тилекке каршы, жолдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин каржылык колдоосу менен салынган мектепке чейинки бөлүгү гана оңдолуп, калган 1 чакырымдай бөлүгү мурдагы абалында калган.