Ак-Жол айылында союлган эшек эттери саналууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Садырбекова билдирди.
Айта кетсек, буга чейин Ак-Жол айылында эшек бизнеси менен алектенген “Кайтал” ишканасы жалпысынан 605 эшек союлуп, алардын эттери муздаткычта сакталып турганын билдиришкен эле.