Ош шаарында жергиликтүү тургун 3 кызды өрттөөгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул окуя 9-март күнү саат 06:15 чамасында болгон. Анда 1978-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин бирине бензин чачып өрт койгон. Анын кесепетинен 1985-жылы туулган Анара бетинен, өрт койгон жаран 3-даражадагы күйүк алган. Ал эми эки кыз жабыркаган эмес. Жарандын кыздарды өрттөөгө аракет кылышына алар менен урушуп кетиши себеп болгон.