"Доллардын курсунун өскөнүнө байланыштуу ажылык сапарга болгон жолдомонун баасы да кымбаттайт" дейт дин комиссиясынын өкүлү

Быйылкы ажылык сапарга баруучу жолдомолор кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Бакыт Осмонов билдирди. 
"Өзүңүздөр билгендей, быйыл доллардын курсу кыйла өстү. Ага байланыштуу быйылкы ажылык сапарга болгон жолдомонун баасы да кымбатыраак болот. Кыргызстандык жарандардын көпчүлүгү буга чейин зыярат кылуу маалында бекер жатаканаларда жашашчу. Ал жакта шарттар жок, айрым учурларда дааратканасы менен жуунучу жайы бир бөлмөдө болгон жерлерде жашаганга туура келет. Андан сырткары ал жакта дааратканга 30-40тан адам кезекке туруп калган учурлар да көп кездешет. Быйыл алдын ала бардык шарттары бар мейманканалар менен келишим түзүүнү пландап жатабыз. Бирок бул нерсе зыяратчылардын чөнтөгүнө кошумча чыгымдарды алып келет",- деди Б.Осмонов. 
Анын айтымында, Түркиядан зыяратка баргандар эки категорияга бөлүнөт. Алардын бири кадимки эле катардагы зыяратчылар болсо, экинчиси "vip" зыяратчылар. Алар үчүн ажылык сапар узагыраак болуп жана бардык шарттар каралган. Бирок анын баасы 18 миң долларды түзөт. Ушундай системди бизге да бир-эки жылдын ичинде киргизели деген пландар бар. Бирок анын баасы 10 миң доллардан кем болбойт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kubat_1973
2015-03-14 00:25:15
Жок дегенде ажылык сапарга баргандардан акча жегенинерди токтотсонор боло доллардын кымбаттаганына шылтабай а коро озубуздун кекиртек жоонойду дегиле жегенге келгенде тарпты деле жейсинер го жорудай болуп
+1
aybekerlan
2015-03-18 13:02:04
Ансыз деле ажылыктын баасы доллар менен да. Былтыр доллардын курсу 55 сом болсо,азыр 63 сом болуп жатат. Эгерде сом менен айтып былтыр 110 000 сом-2000 доллар эле ,ошондуктан быйыл 126 000 сом десеңер окшошмок. Доллардын курсу 50-60-70 болобу доллар баасы ошол бойдон калмак да. Ойуңарды ачык айкын айтып койгула ДИНГЕ кызмат кылган адамдарсыңар, саясатчы-коррупционерден айрымалангыла. ШЕК жаратып жатасыңар. Бул телефон былтыр 100 доллар эле, быйыл доллар көтөрүлүп 120 доллар болду деп айта албайсыңда,бирок силер ошентип айттыңар Дин комиссиясы жана молдоке-ажыкелер.
0
aybekerlan
2015-03-18 12:52:21
3 685 адамдын 1 000-1 500 адамы бай болушу мүмкүн, калгандары машинам болбосо да мейли,ичпесем-кийбесем мейли деп чогулткан акчасына барат. Муфтият менен Дин комиссиясы бай ажыларды көрүп калып элдин баарын андай ойлобоо керек.Балким айткандыр мейли кымбат болсун бирок башка өлкөлөрдөн баргандардын арасында уят болбой шарттарды жакшырталы деп. Кымбат мейманкана-кымбат учак-кымбат тамак-аш менен ажылык жакшырып кетпейт. Өзбекстан,Кытай жарандарын кыргыз квотасы менен жөнөткөндү токтотуу керек
0
aybekerlan
2015-03-18 12:52:50
Кымбаттатбай эле койсо жакшы болмок. Шарты жакшы болсун дегендер өзүнчө топторго бөлүнүп кымбат мейманканада калсын, мурункудай эле арзанын каалагандар арзан мейманканада калса болмок.
Жогоруда отуруп алып тигиндей- мындай деп чечип койосуңар,элди ойлобойсуңарбы
0
aybekerlan
2015-03-18 12:53:10
Ажылыкка колунда бар бай адам барат,бай болгондон кийин чыдаса барсын дегенинерби же башка жакшы ойуңар бар беле билбейм. Жакшылап ачык айкын айтып койгула кайсы жерге канча акча коротулат.
0
aybekerlan
2015-03-18 12:53:25
Кыргыз жарандарынан 2-3 жолу эмес 10-11 жолу кетип бара жаткандарды токтотуу керек. Бир нерсени айтсаң бийликтеги-сасык саясатчылар факт менен сүйлө десе молдоке-ажыкелер көрбөй туруп жалаа жаппа дейт,ажылыкка жөнөткөн силерсиңер,анан жаман иштер болуп жатса айтабыз да. 1-жолу барууну каалап акчасын алып барса орун жок үстүнө дагы акча берсең жиберем дейт (муфтияттан 500-1500 долларга чейин сурагандар бар).
0
aybekerlan
2015-03-18 12:53:38
10-11 жолу баргандар бал алып барып сатат, келе жатып ал жактан товар алып келет.Муфтият билет да мурун кимдер барганын,ошолорду жакын жолотпоо керек.Дин адамдары ушундай ишти кылгандан кийин,аларды ээрчигендер да ошол ишке барат.
Өзүң жасабаган амалды ,башкага үйрөтпө-айтпа-насаат кылба деген сөздөрдү айтасыңар бизге урматтуу ажыкелер, ошол сөздү өзүнөр да эстеп ошого амал кылгыла. Иншаллах мурдагыдай эле баада уюштурарсыңар.
0
aybekerlan
2015-03-18 12:58:38
Ансыз деле баасын доллар менен аласыңар. Былтыр доллардын курсу 55 сом болсо,азыр 63 сом болуп жатат. Эгерде сом менен айтып былтыр 110 000 сом-2000 доллар эле ,ошондуктан быйыл 126 000 сом десеңер болмок. Доллардын курсу 50-60-70 болобу доллар баасы ошол бойдон калмак да. Ойуңарды ачык айкын айтып койгула ДИНГЕ кызмат кылган адамдарсыңар, саясатчы-коррупционерден айрымалангыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан