Улуттук олимпиада комитетинин президенти
Мурат Саралинов 54 жаш курагында жүрөк оорусунан каза тапты. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына аталган комитеттин башкы катчысы
Канат Аманкулов билдирди.
Анын айтымында, инфаркттан улам көз жумган М.Саралинов акыркы күндөрү ооруканага кайрылган эмес.
Кошумчалай кетсек, М.Саралинов 1961-жылы Ысык-Көл облусунда төрөлгөн. Бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап келгени менен белгилүү. 2003-2004-жылдары Ысык-Ата районунун акими кызматын аркалаган. 2006-жылы Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп шайланып, 2013-2014-жылдары буга катар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматында иштеген. Кезинде эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери болгон М.Саралинов Олимпиада комитетинде экинчи мөөнөткө 2014-жылы шайланган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыз спортуна күйгөн Мурат Саралиновдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.