"Жарылуучу зат катылган" деген маалыматтан улам Спорт Ордосунда өтчү мелдеш эртеңкиге жылдырылып, чогулган эл зорго таратылды

"Имараттын ичине жарылуучу зат катылган" деген маалымат түшүп, Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүүчү эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш 15-мартка саат 12:00гө жылдырылды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучуларынын бири Эмил Токтогонов кабарлады. 
Мелдешти көрүү үчүн келген күйөрмандар 2 саат убакыт сыртта күтүп турушуп, андан соң милиция кызматкерлери алардан тарап кетүүнү суранышты. Бирок 1000 сомдун тегерегинде билет сатып алган спорт сүйүүчүлөрү уюштуруучуларга нааразы болуп, көпкө тарабай турушту. Алардын басымдуу бөлүгү мелдештин 15-мартта күндүз эмес, саат алты-жетилерге уюшулуусун суранышты. "Спорт Ордосунун жетекчилиги бизге күндүзгү убакытты берди, башка айлабыз жок. Мелдеш күндүз саат 12:00дө уланат",- деди спорт күйөрмандарынын курчоосунда калган Э.Токтогонов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Killerake
2015-03-14 22:43:30
Дагы не болуп жатат? Эх
0
kursantvs
2015-03-14 23:08:57
Дагы бири лапша илген го.
0
realliver
2015-03-14 23:31:06
Жон эле 1 кун олду го. 600 сомдон эле алганбыз. 1000 сомдон да сатылыппы э..
0
Boldukan86
2015-03-15 00:03:09
тообаа кызык эле окуялар болуп жатабы мекенибизде?
0
Danel
2015-03-15 00:16:31
Мыйзам иштебегенден кийин,ойго келбеген окуялар боло береткенда! Башчыбыз начар болгондон кийин ушулда анан не кылмак элек.
+4
jibek.shami
2015-03-15 00:44:26
чондордон бироо жарымы чонураак ХХХ койсо керек да...
0
admin_portal
2015-03-16 11:15:49
jibek.shami - эскертүү!
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болсоңуз.
0
Aidar.001
2015-03-15 00:56:50
Акылга сыйбаган иштер болуп жатат го
0
Nurgazy_baetov
2015-03-15 00:59:55
Дагы не ни баштагн туугандар.
0
mekkka
2015-03-15 03:39:31
Ко(х) экенго
0
dani2014
2015-03-15 10:55:19
Бир акмактын айынан ушунча эл убара, келген меймандарга да уят,ким айтканын тапса болбойбу
0
beka1207
2015-03-15 13:23:25
Сактыкка кордук жок дейт))сак боло бергендин зыяны жок...мындай нерселер башка онуккон мамлекеттерде деле болуп турат..учение болуптурда жакшы)))
+1
Ern
2015-03-15 17:03:10
Супер инфо эмне болду, жарылуучу зат табылдыбы деги анан же калп бекен?
0
Danel
2015-03-15 23:56:33
Оюндун жыйынтыгын ким билеет айтып койгулачы.
0
admin_portal
2015-03-16 11:16:34
isamurai - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан