Маалымат үчүн: Даун синдрому бар адамдар башкалардан хромосомалардын саны менен айырмаланышат. Кадыресе адамдарда 46 даана хромосома болсо, аларда 47 хромосома бар. Алгачкы жолу бул илдетти 1866-жылы англиялык дарыгер Жон Даун аныктаган. Ошондон бери бул синдром анын атын алып жүрөт. Ал эми Даун менен жабыркаган адамдардын биринчи эл аралык күнү 2006-жылдын 21-мартында белгиленген.
Даун оорусуна кабылгандар көп учурда жүрөк оорусуна чалдыгып (жаш балдар тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлөт), эске тутуму начар болот. Даун синдрому менен туулган балдардын иммунитети начар болгондуктан, көп ооруларга туруштук бере алышпайт. Алардын катарында өпкө оорулары жана тамак сиңирүү боюнча маселелер да бар. Бул илдет менен жабыркаган адамдар орто эсеп менен 45-50 жашка чейин гана жашашат. Мындай дартка кабылган эркектер тукумсуз болушса, аялдардын айызы көп келет. Аялдардын 50 пайызы төрөй алышпайт, эгер төрөсө, баласында да Даун синдрому бар болот же ымыркай кандайдыр бир кемтик менен төрөлөт.