Ош облусунда белгисиз жаран эки адамга күйүүчү май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Натыйжада эки жабырлануучу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ түнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын күйүк бөлүмүнө эки жаран алынып келген. Анда У.Ф. аттуу жарандын 2-3-даражадагы 13-14 пайыз колунан, моюнунан, бетинен, далысынан, эки жамбашынан күйүк алганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал мас абалда болгон. Ошондой эле Э.У. аттуу жаран да 2-3-даражадагы 48-50 пайыз денесинен күйүк алган, башы чайкалган, азыр Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.