"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөсү Замирбек Көчөрбаев "Шин-Лайн" ишканасынын мыйзамсыз аракеттерин ачыкка чыгарууга багытталган рейд эмне себептен жана кандай өткөрүлгөндүгү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Шин-Лайн" ишканасынын жанындагы конушта жашаган тургундар "бул ишкана экологияга зыян келтирип жатат" деп бизге кайрылышкан. Анда алар "Шин-Лайндын" имараты мектептин жанында жайгашкандыгынан химиялык зат окуучуларга терс таасир этип жатат" дешкен. Мындан тышкары "ишкананын кызматкерлери сатылбай калган азык-түлүктөрдү дүкөндөрдөн чогултуп келип, ичин өзгөртпөстөн жарактуу мөөнөтүн басып, кайра сатыкка чыгарышат" деп билдиришкен. Мындан улам биз өкүлүбүздү атайын "Шин-Лайнга" ишке орноштурдук. Ал 10 күн ичинде иликтөө жүргүзүп, бардык мыйзамсыз аракеттерин жашыруун камерага тартып жүрдү. Жыйынтыгында чогултулган материалдар менен ИИМге, Каржы полициясына жана тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө кайрылдык",- деди активист.
Анын айтымында, аталган мамлекеттик түзүмдөр тарабынан бул компанияга кылмыш иши козголо элек.
"Шин-Лайнды" парламент депутатынын ишканасы деп айтышууда. Бирок бул рейд эч кандай саясий буйрутма эмес. Биз буга чейин да рейддерди жүргүзүп келгенбиз",- деп кошумчалады Көчөрбаев.
Айта кетсек, аталган рейд кечээ, 30-мартта өткөрүлгөн.