Бүгүн, 31-мартта Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өлкөнүн футбол боюнча курама командасы Ооганстан менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө карабастан, кечээ кыргыз футболчулары Ош шаарына учуп келишкен, ал эми Ооганстандын курамасы Бишкектен Ошко сапар алган эмес.
Мындан улам Ооганстандын курама командасы футболдук беттештен баш тартып, кайра өз өлкөсүнө кетүүгө камданууда. Ал эми бүгүнкү беттешти кыргыз курамасы "Алай" футбол клубу менен өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.