31-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард 433 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка учурда секундасына 332 метр куб суу агып кирсе, ал эми анда сарпталган суунун агымы секундасына 515 метр кубду түзүүдө.
Айта кетсек, былтыр 31-мартта суу сактагычтагы суунун көлөмү 9,1 миллиард метр кубду түзгөн.