"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!

Сонун мүмкүнчүлүк! "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз! Белгилүү болгондой, жакында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "Элдик кабар" рубрикасы ачылган. Саналуу күндөрдө окурмандар турмуштук көйгөйлөр: айылдарда тоюттун кымбатташы, күтүүсүз жааган кардан гүлдөгөн бак-дарактардын үшүккө учурашы, шаардагы аялдамалардын кейиштүү абалы, тротуарга токтотулган автоунаалар, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүүгө өтүштү.
Сиз "Кабарды кантип жөнөтөм?" деп жатсаңыз, жолу жеңил. Аталган кызмат (приложение) аркылуу кабарды кыскача баяндап жөнөтөсүз, ошондой эле жаңылыктын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да тиркеп жиберсеңиз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.    
Эң башкысы, сиздин кабар байгелүү болуп калышы толук мүмкүн. Ар бир айдын соңунда редакция окурмандар жөнөткөн кабарларды карап чыгып, мыкты деп табылган кабардын ээсине заманбап смартфон белек кылат. Кызыктуу маалыматыңызды тең бөлүшүп, белекке ээ болуңуз!   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (109)
iliaz-sng
2015-05-19 11:22:01
Мен жазсам чыкпадыго анан
0
admin_superstan
2015-05-19 11:43:30
iliaz-sng, саламатсызбы!
Бул рубрикага келген кабарлар редакция тарабынан тандалып, ылайыктуусу чыгарылат. Туура түшүнүү менен кабыл аласыз деген ойдобуз.
0
musi222
2015-05-27 09:50:18
jakwy iw jasapsynar super jamaaty
0
zoro21
2015-05-28 20:37:20
тиги копуро тууралуу иликтоо кылбадынарго супер кж?дагы Ошко копуро курулат дейт? суу токтоду бекен?
0
boyka.kg
2015-05-28 20:53:47
уткандар телефонду алып кетиштиби?
0
modem4999
2015-05-29 09:37:12
Чыкпадыбы?
0
admin_media
2015-05-29 11:33:50
modem4999, boyka.kg, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/111049/
0
Adi26
2015-06-01 21:33:08
Жаңылык катары жазсам болобу цитата лид темасы м.н?
0
admin_portal
2015-06-02 10:39:22
Adi26, саламатсызбы!
Жанылык жазып, WhatsApp же Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жөнөтсөңүз болот.
Жазган сурооңуздун "цитата лид темасы м.н" бул бөлүгүн түшүнгөн жокмун.
0
Adi26
2015-06-01 21:34:20
Апрель айыныкын Чынтурсун деген балаалса июнь айыныкы чыгарыла элекпи?
0
admin_portal
2015-06-02 10:39:51
Adi26,
Жакында МАЙ айынын жеңүүчүсү аныкталат.
0
Adi26
2015-06-01 21:34:27
Жакшы
0
chynara-84
2015-07-02 14:20:41
Смартфон уткан адамды атайын комиссия тандайбы же кандай болот?Супер инфо жооп берип койгулачы?
0
admin_portal
2015-07-02 14:31:17
chynara-84, саламатсызбы!
Жеңүүчү редакциянын чечими менен аныкталат.
0
admin_portal
2015-07-02 15:13:55
Tentek1,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо же нааразычылктар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүү керек.
"Элдик кабарга" келген кабарлар редакторлордун чечими менен чыгарылат. Ал үчүн сиз жөнөткөн кабар "Элдик кабардын" талаптарына жооп бериши керек.
0
chynara-84
2015-07-03 01:34:13
Рахмат,тушундум.
0
Koshaly
2015-07-16 12:43:30
минди бири утат)))
0
chingiz1987
2015-07-16 14:19:06
Чет олкодогу кабарлар болобу
0
Timyr58
2015-07-16 19:19:33
Чынында элдик кабарга жооп берген гана кабарларга сыйлык берип жатат
0
Talantbek80
2015-07-19 15:49:39
Салам менин элдик кабарга жөнөткөнүм чыккан жок го? же жол жобосун туура эмес жаздымбы түшүндүүп коюңуздарчы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан