Баткен. Лейлекте сел болуп, 6 музоону агызып кетти

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ак-Суу жана Чоюнчу айылдарында сел болуп, 6 музоону агызып кетти. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 7-апрелде билдиришти. Маалыматка караганда, 6-апрель күнү саат 17:30 чамасында мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдан Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылы менен Чоюнчу айылынын ортосундагы Каргалуу-Сай жана Жар-Кыштак айылынын Туура-Сайынан сел кеткен. Ал Чоюнчу айылынан 6 баш кара малды (музоо) агызып, 5 үйдүн бакчасын сел каптаган.

Ошондой эле сел Ош-Исфана-Кулунду жолунун 347-360-чакырымынын аралыгындагы Кольцо айылынын Ак-Кум чегиндеги унаа өтүүчү жолду кум-шагылдарга толтуруп, унаалардын өтүүсү үчүн кыйынчылыктарды туудурган. Транспорт кызматынан 1 грейдер жолду саат 23:30да толугу менен тазалады. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө, адам өмүрүнө зыян келген эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан