Бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына окурман кайрылып, “Орусиянын Москва шаарында биометрикалык маалыматтарды тапшыруу үчүн кыргыз жарандарынан 1000 рублдан талап кылып жатышат” деп билдирди. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы: “Биометрикалык маалыматты тапшырууда кыргыз жарандарынан акча талап кылуу - бул мыйзамды бузгандык. Аталган иш-чара бардык жерде бекер өткөрүлүп жатат. Мындай акча сураган учурларга туш болгон жарандарды Мамлекеттик каттоо кызматынын (0312) 62-41-40 ишеним номуруна чалууларын суранат элек”,- дешти аталган мекемеден.