Жогорку Кеңештин депутаты
Айнуру Алтыбаева премьер-министр
Жоомарт Оторбаевге болгон ишенимин жоготконун бүгүн, 9-апрелде парламент жыйынында айтып чыкты.
Депутаттын айтымында, Ж.Оторбаев өкмөттү жаңыдан жетектегенде ага (Оторбаевге) карата айып тагылган.
"Ошол мезгилде премьер-министр өзүнүн тууганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындаган" деген кептер чыккан. Бирок мен муну кара пиар деп, ишенген эмесмин. Бүгүн болсо, Ж.Оторбаевдин өкүл баласы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына дайындалыптыр. Муну уккандан кийин сизге болгон ишенимимди жоготуп алдым",- деди Алтыбаева өкмөт башчыга кайрылып.
Оторбаев депутаттын айткандарын четке кагып, "эч бир тууганымды дайындаган эмесмин" деп жооп берди.