Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сабалып, айрымдары дайынсыз экени айтылды

Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү сабалып, айрымдары дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде "Азаттык" Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Төлөгөн Келдибаевге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, бүгүн кечки саат 9 чамасында оппозиция мүчөлөрү Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда 100 чакты белгисиз жигиттер кирип келишип кол салышкан. Андан соң Улуттук оппозициялык кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Улукбек Маматаевди сүйрөп алып чыгып кетишкен. Учурда алардын кайда экени белгисиз болууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан