Кечээ дайынсыз делип жаткан оппозиция мүчөлөрү учурда Жалал-Абадда жүрүшөт

Кечээ дайынсыз делип жаткан Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү учурда Жалал-Абадда жүрүшөт. Бул тууралуу 10-апрелде SUPER.KG порталына аталган кыймылдын мүчөсү Сонунбек Жунусбаев билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында конокто отурган жеринен сүйрөп чыгышкан белгисиз адамдар алардан ошол замат эле Оштон чыгып кетүүнү талап кылышкан. "Оппозиция мүчөлөрү кечинде эле Ош шаарынан Жалал-Абад шаарына чыгып кетишиптир. Учурда Жалал-Абадда жүрүшөт", - деди Жунусбаев.    

Айта кетсек, 9-апрелде кечки саат 9 чамасында Ошто Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Абдылда Капаров аттуу кишинин үйүндө конокто отурушкан учурда 100 чакты белгисиз жигиттер кирип келишип кол салышканы айтылган. Андан соң оппозиция мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровду, Бектур Асановду, Улукбек Маматаевди сүйрөп алып чыгып кетишип, кайда экени белгисиз болуп жатканы билдирилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан