15 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары кечээ, 9-апрелде Казакстандын өспүрүмдөр курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калышты. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Шымкент шаарында өткөн оюнда жалгыз голду 11-мүнөттө Батыр Кудайбердинов киргизди. Кыргыз өлкөсүнүн өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев оюнда казак футболчулары коргонууда катуу басым кылганын айтты. Ошондой эле өз командасынын да айрым учурларда мыкты болгонун айтып, оюн башында кирген гол жыйынтыкка чоң таасир эткенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларында реванш алганга мүмкүнчүлүк бар. Бүгүн бул командалардын ортосунда экинчи жолдоштук беттеш орун алат.