Футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 1-турунда “Дордой” үйүндө “Кейжи Юнайтед” командасын 6:1 эсебинде утуп алды

Бүгүн, 13-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига расмий түрдө старт алды. Мелдештин 1-турунда бишкектик “Дордой” командасы өз үйүндө “Кейжи Юнайтед” командасын 6:1 эсебинде утуп алды. “Дордойго” 3 упай алып келген голдорду Мирлан Мурзаев (16-мүнөттө), Алмазбек Мирзалиев (23-мүнөттө), Азиз Сыдыков (32-мүнөттө), Курсанбек Шератов (39-мүнөттө), Калимулла (75-мүнөттө, 86-мүнөттө) киргизди. Ал эми коноктордун курамынан Жаныбек Жанарбек уулу (42-мүнөттө) айырмаланды.

Оюндун басымдуу бөлүгү майдандын борбордук бөлүгүндө жана “Кейжи Юнайтеддин” дарбазасына жакын аймактарда өттү. Коноктор демилгени колго алган “дордойчулардын” чабуулун орто жолдо токтотуп, каршы чабуул уюштуруп жатышты. Ал эми “Кейжи Юнайтеддин” борбордук коргонуусун жарып өтө албаган “Дордойдун” оюнчулары топту капталдан көкөлөтө көтөрүү менен гол киргизүү аракетин көрүп жатышты. Жыйынтыгында “Кейжи Юнайтеддин” оюнчулары бурчтан чыгарууда гол жаратышты. “Дордойдун” оюнчулары сол капталдан көтөрүлгөн 3 топту, оң капталдан көтөрүлгөн 1 топту дарбазага таамай багыттай алышты. Дагы бир голду Азиз Сыдыков дарбазанын маңдайынан алыскы бурчка таамай тепти.

Өткөн аптада “Дордой” өз үйүндө “Ала-Тоо” клубун утканын эске алсак, бишкектик клубдун карамагында 6 упай болду жана мелдеште лидерлик сапка көтөрүлдү.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Artyr1994
2015-04-13 19:30:12
Охоо куттуктайм. Кудай жалгап Азияны женгилечи
+1
Gukuw
2015-04-13 21:15:37
Автор сиздерден сураныч.... Жаныбек Жанарбек уулу оюнчунун туура аты-жону Жанарбек Жаныбек уулу кылып озгортуп коюунуздарды суранабыз...
0
admin_portal
2015-04-14 10:34:15
Gukuw, саламатсызбы!
Маалымат федерациядан алынган. Тактап, эгер катачылык кеткен болсо түзөтүп койгонго аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан