Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин кыргыз жарандары "кара тизмеден" чыгарылбайт

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин кыргыз мигранттары "кара тизмеден" мунапыс аркылуу чыгарылбайт. Бул тууралуу 14-апрелде Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, мигранттардын "кара тизмеге" киргендигине эки же андан көп укук бузуулар себеп болууда. Мындан тышкары мигранттар Орусиянын аймагында уруксат берүүчү мөөнөттүн бүткөндүгүнө карабай жүрө бергени үчүн да аталган тизмеге киришүүдө.

"Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке киргенден кийин кыргыз жарандары Орусияда патентсиз эле эмгектене алышат. Буга алар Орусиянын аймагына кирүүдө миграциялык картада келүүнүн максаты "эмгектенүү" деп белгилениши керек",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан