9-апрелде Бишкекте төрөлгөн 4 эмге Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек деген ысымдар ыйгарылды. Алмазбек деген ысым президент Алмазбек Атамбаевдин, Асылбек деген ысым Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун, Кубанычбек деген ысым Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун, Камчыбек деген ысым Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин урматына арналып ыйгарылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, 4 эмдин төрөтканадан үйгө чыгарылышы 14-апрелге белгиленген. Кошумчалай кетсек, 4 эм 9-апрелде Гүлайым Абдылдаева менен Нурлан Зарнаевдин үй-бүлөсүндө туулган.