УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 15-апрелге караган түнү 2 оюн орун алды. Италиянын Турин шаарында "Ювентус" футболдук клубу франциялык "Монако" клубун кабыл алды. Беттеш 1:0 эсебинде "Ювентустун" жеңиши менен аяктады. Голду 57-мүнөттө
Артурро Видаль киргизди.
Ал эми Испаниянын Мадрид шаарында бул шаардан чыккан эки ири клуб "Реал" менен "Атлетико" кез келди. Өткөн жылы аталган мелдештин финалында ойногон бул командалар жеңүүчүнү аныктай алышкан жок. Оюн маалында "Реалдын" оюнчулары бир топ мүмкүнчүлүк түзүшкөнү менен, 90 мүнөт ичинде гол жаралган жок.
Бул курама командалар жарым финалдык жолдомонун ээсин кийинки аптада аныкташат. Тагыраак айтканда, командалар 22-апрелде жооптук оюн өткөрүшөт.