14-апрелде Азия футбол конфедерациясы 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна катыша турган Азиянын 40 курамасын 8 тайпага бөлдү. Чүчү кулактын жыйынтыгында кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы “В” тайпасына бөлүндү. Курамабыздын тандоо турундагы атаандаштары Азиянын учурдагы чемпиону Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары болот.
Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы өткөрө турган оюндардын тизмеси:
1-тур. 11-июнь, 2015-жыл
Бангладеш - Кыргыз Республикасы
2-тур. 16-июнь, 2015-жыл
Кыргыз Республикасы - Австралия
3-тур. 3-сентябрь, 2015-жыл
Иордания - Кыргыз Республикасы
4-тур. 8-сентябрь, 2015-жыл
Кыргыз Республикасынын курамасы бул турга катышпайт.
5-тур. 8-октябрь, 2015-жыл
Кыргыз Республикасы – Тажикстан
6-тур. 13-октябрь, 2015-жыл
Кыргыз Республикасы – Бангладеш
7-тур. 12-ноябрь, 2015-жыл
Австралия – Кыргыз Республикасы
8-тур. 17-ноябрь, 2015-жыл
Кыргыз Республикасы - Иордания
9-тур. 24-март, 2016-жыл
Кыргыз Республикасынын курамасы бул турга катышпайт.
10-тур. 29-март, 2016-жыл
Тажикстан – Кыргыз Республикасы
Кошумчалай кетсек, мелдештердин тайпалык баскычтарында тайпадагы командалардын саны так сандарга туура келсе (3, 5, 7 же 9), ар бир турда бир команданын эс алуусуна туура келет. Бул мелдеште "В" тайпасында 5 команда бар. Ар бир турда экиден оюн өтөт. Атаандашы жок калган курамалар кезек-кезек бир турда эс алып турууга мажбур болушат.