Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясынын 17-апрелдеги отурумунда депутаттар премьер-министр Жоомарт Оторбаевден эмне үчүн анын "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тартканын сурашты.
Буга өкмөт башчы төмөнкүдөй жооп берди: "Биргелешкен ишкана - бул чоң документ. Каржылык маселелер баш тартуунун эң негизги себеби эмес. "Центерра" менен биргелешкен ишкананы түзүүнү жактырбаганыма 3 чоң себеп бар. Биринчиден, "Центерра" пикир келишпестиктерди жөнгө салуу маселелерин канадалык мыйзамга ылайыкташтырууну талап кылды. Биз эч качан мындайга барбайбыз. Экинчиден, жерлерди калыбына келтирүү маселеси. Үчүнчүдөн, биргелешкен ишкананы оффшордук компания катары каттоону сунуштап жатат. Мен биргелешкен ишкана түзүүгө барбайм. Эгер барсак, биздин шарттар менен барабыз. Мен артка кадам таштабайм!"- деди премьер-министр.