18-апрелде Кувейтте хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу старт алды. Мелдешке катышып жаткан кыргыз хоккейчилери алгачкы оюнда Малайзия курамасына каршы туруп, 6:5 эсебинде утуп алышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдешке кыргыз спортчуларынан тышкары Кувейт, Индия, Сингапур, Оман, Малайзия сыяктуу курамалар катышууда.