Бүгүн, 18-апрелде Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы өттү. Катышуучу командалар кыска жана толук форматта өз тамашаларын көрсөтүштү. Жыйынтыгында калыстар "Мыкты оюнчу", "Мыкты тамаша" жана "Мыкты команда" деген наамдарга татыктууларды аныкташты.
"Мыкты оюнчу" наамына экс-президент Роза Отунбаеваны туураган "Ошингтон" командасынын оюнчусу Айжамал аттуу кыз татыктуу болду. Пародиядан тышкары ал кыргыз тилиндеги диалекттер менен күлкүлүү сүйлөп, көрүүчүлөрдүн боорлорун эзди. Андан соң калыстар тобу "Bruklyn-IUK" командасынын тамашаларын жогору баалап, бул командага "Мыкты тамаша" дипломун тапшырды. Ал эми өз тамашаларын бүгүнкү кечтин темасына байланыштуу мыкты даярдап келген "Позитифф" командасынын жигиттери "Эң мыкты команда" деп аталды.
Айта кетсек, фестивалда “Олимпик”, “Позитифф”, “Ассорти”, "Bruklyn-IUK", “Евраш”, “Тамашарики”, “Багыт”, “Айым стайл”, “ОШолор”, “Кыргыз двор”, “Элестет”, "Ошингтон" жана башка командалар ат салышты. Алардын көбү сүйүү, студенттердин жашоосу, эшек эттери, "Шин-Лайнга" тийиштүү балмуздак маселеси, саясат темаларына байланыштуу тамашаларын тартуулашты.
Жаш өнөрпоздордун тапкычтыгын жана тапандыгын "Супер-Инфо" гезитинин шеф-редактору Сүйүн Кулматова, дизайнер Замира Молдошева, ырчы Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, рэперлер Бегиш менен Баястан баалашты.