Америкалык мушкер Флойд Мейвезер атаандашы Мэнни Пакьяону упай айырмачылыгында утуп алды

Бүгүн, 3-майда АКШнын Лас-Вегас шаарында филиппиндик боксчу Мэнни Пакьяо менен америкалык Флойд Мейвезердин ортосунда беттеш орун алды. Мушкерлер өз ара WBA (Super), WBC жана WBO версиялары боюнча чемпиондук наамды талашышты. Беттеш 12 раундга созулуп, жыйынтыгында калыстар жеңишти бир ооздон Мейвезерге ыйгарышты (118:110, 116:112, 116:112).

Беттештин жүрүшүндө Мэнни Пакьяо атаандашына басым көрсөтүүгө аракет кылып, көбүрөөк сокку узатты.
Ф.Мейвезер коргонууда мыкты болуп, ийгиликтүү каршы чабуулдарды уюштуруп жатты. Боюнун жана колунун узундугу ага жардамга келип, атаандашын жакынкы аралыкка жолоткон жок. Чогулгандар Пакьяону катуу кыйкырык, сүрөөндөр менен колдоп, беттештин жыйынтыгына нааразычылыктарын жашырышкан жок. Бул күнү Мейвезер карьерасындагы жеңиштеринин санын 48ге жеткирди. Анын эсебинде тең чыгуу жана жеңилүү жок. Ал эми Пакьяо профессионалдык рингде алтынчы ирет жеңилүү ызасын тартты.

Кошумчалай кетсек, беттеш үчүн билеттердин баасы 150 миң долларга чейин жеткен. Мейвезер рингге чыкканы үчүн 150 миллион доллар алса, Пакьяого 100 миллион доллар тийди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
lotte
2015-05-03 12:18:49
Калыстар тартып койду! Пакьяо бир аз устомдук кылганы корунуп турду. Коруучулор да Мейвезердин женишине канааттанган жок...
+3
Patriot...kg
2015-05-03 12:28:52
Adмin, видеосун жүктөйсүздөрбү?
0
Bors
2015-05-03 12:41:01
Мен айткандай болдуго бир упай менен 12 раунд согушат бир упай менен Мейвезерге женишти берип коюшу мумкун денег элем беттешке чеинки билдуруумдо.
0
nurkojo
2015-05-03 12:41:55
Алмазбек Раимкулов айткандай болдуго,эсеп мн Мэйвезерди жеңүүчү кылат деп... Биснез турбайбы..
0
Bors
2015-05-03 13:46:22
nurkojo, жоок Алмаз Пакьяого берет деген эле именно Раимкулов адашкан Урмат Орзубек туура айткан кайра окусан.
0
Nasyrkg
2015-05-03 16:13:55
мага100мин доллар эле толоп берсе бир саат токмок жеп берет элем.млн ну жок эле
+9
Nurmuhammad.
2015-05-03 19:14:02
Nasyrkg, мынабыл билдирууну окуп алып жарылдымго)))))
Маладес))))
0
Artyr1994
2015-05-03 21:07:28
Nasyrkg, oi dozym jaman kyldyrdyn go .
0
Bors
2015-05-04 13:17:40
Nasyrkg, сен бир саатка жетпей эле бул дуйно менен кош айтышып кете берет эленда. Мейвезердин же Пакьяонун сокуларынан.
0
crishti_7
2015-05-04 16:24:18
Nasyrkg, Э дозум, сен 1 саат эмес 5 минут чыдап тура алганына кумон санайм:))
0
nursultan1
2015-05-03 17:14:44
Аххх Мэнни сен үчүн менда кайгырып жатам.
+1
warsaw.
2015-05-03 17:23:55
100 миллион $ да жакшы акча
0
eldar96
2015-05-03 18:39:47
warsaw.,
алар учун акча маселе эмес жениш маанилуу да
0
Bors
2015-05-03 20:22:56
Мага Мейвнзердин спортивкасы жакты, кечинде кочодон кезигип калса Уруп тартып алмакмын кроссовкасын кошо.
0
Imperator93
2015-05-04 03:11:11
Bo.rs, Кызыл Аскерден болбойсунбу?))))))))))
0
Bors
2015-05-04 13:19:05
Imperator93, жоок мурда жашагам почтовая тупикте.
0
shake-shake13
2015-05-03 21:13:35
100Мин долларга бир саат турсан жакшы болбойт беле сени беш минутта олтурмок же жинди болуп чыгасын
+2
umar92
2015-05-04 00:44:29
Bors бир удар менен туп туз жаннатка киргизип койбосун))))))
+1
Bors
2015-05-04 13:21:31
umar92, ээ досум ал урганга успеть этпей калмак ОЗУ уктап аткан болмок ошол кезде)))))
0
tilek-x
2015-05-04 08:01:13
Видеосун каяктан корсо болот
0
admin_portal
2015-05-04 15:29:32
tilek-x, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыз: http://www.super.kg/media/uservideo/140837/
0
tilek-x
2015-05-04 08:05:57
Билеттин баасы 150мин доллар оххоо ана акча 1эле билеттин акчасын берсе жетет эле мага
+1
Bors
2015-05-04 13:22:22
tilek-x, сен ан учун Мейвезердин Кулу болушун керек)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан