Кыргыз спортчусу Айаал Лазарев Катар мамлекетинин Доха шаарында эркин күрөш боюнча өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Балбан 125 килограмм салмакта күрөштү жана анын финалдагы атаандашы Ирандын өкүлү Комейл Немат Гасеми болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мелдештин биринчи күнүндө уландар жана кыз-келиндер арасында 5 салмакта медалдар ойнотулду.