6-майда Катардын Доха шаарында күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) Азия чемпиондугу старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө 5 салмак категориясында чемпиондор аныкталды. Кубандырганы - бул күнү кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, алгачкы медалды Айсулуу Тыныбекова утту. Ал 58 килограмм салмакта финалга чыгып, Япониянын өкүлү, акыркы 3 Олимпиада оюндарынын чемпиону Каори Ичого каршы турду. Анда алгачкы 3 мүнөттө япониялык спортчу 10 упай алып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. А.Тыныбекова күмүш медаль тагынды.
Алтын медалды уландар арасында 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев багындырды. Дагы бир күмүш медалды 57 килограмм салмакта Самат Надырбек уулу өз эсебине жаза алды. Спортчу финалда Монголиянын өкүлү Эрденебат Бехбаярга каршы туруп, утулуп калды.