Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду
Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документке кол коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары жыйынга чогулуп, алгач кыргыз мамлекетинин биримдикке кирүүсү боюнча маселеге токтолушуп, жыйынтыгында бир нече протоколго кол коюшту. Арасында кыргыз мамлекетинин бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кирүүсүн жөнгө салган документтер бар.