“Ак илбирс” IV Улуттук киносыйлыгынын номинанттары аныкталды. Бул тууралуу аталган долбоордун коом менен байланышуу боюнча менеджери Чолпон Идрисова билдирди. Анын айтымында, калыстар тобу 12 номинация боюнча алдынкы үчтүккө кирген талапкерлердин тизмесин жарыялады. Сыйлык ээлери 16-майда белгилүү болот.
"Мыкты тасма":
1. "Аку" тасмасы, продюсер: Садык Шер-Нияз, Фархад Бекмамбетов
2. "Курманжан датка", продюсер: Жылдызкан Жолдошова
3. "Көч", продюсер: Гүлмира Керимова, Марат Сарулу
"Мыкты режиссёр":
1. Төлгөбек Койчуманов, "Аку"
2. Садык Шер-Нияз, "Курманжан датка"
3. Марат Сарулу, "Көч"
"Мыкты сценарий":
1. Төлгөбек Койчуманов, "Аку"
2. Садык Шер-Нияз, Бакыт Турдубаев, Султан Раев, "Курманжан датка"
3. Марат Сарулу, "Көч"
"Мыкты оператор":
1. Санжар Абдыжапаров, "5000 сом"
2. Мурат Алиев, "Курманжан датка"
3. Борис Трошев, "Көч"
"Мыкты сүрөтчү":
1. Төлгөбек Койчуманов, "Аку"
2. Жамал Кожахметов, Абылкасым Исмаилов, "Курманжан датка"
3. Шибек Жекшенбаев, "Көч"
"Мыкты композитор":
1. Кубандык Жасын, "Аку"
2. Бакыт Алишеров, Мурзали Жээналиев, "Курманжан датка"
3. Александр Юртаев, "Көч"
"Мыкты үн режиссёру":
1. Рахат Шамшиева, "Аку"
2. Бакыт Ниязалиев, "Курманжан датка"
3. Мурат Ажиев, "Көч"
"Мыкты монтаж":
1. Марсбек Бузурманкулов, "Аку"
2. Элдияр Мадаким, "Курманжан датка"
3. Гани Кудайберген, "Көч"
"Мыкты мырза ролу":
1. Макcат Тасмаев, "5000 сом"
2. Азиз Мурадиллаев, "Курманжан датка"
3. Сагындык Макекадыров, "Көч"
"Мыкты айым ролу":
1.Рахат Аксултанова, "Түндүктүк келин"
2.Назира Мамбетова, "Курманжан датка"
3.Перизат Эрманбаева, "Көч"
"Мыкты даректүү тасма":
1. "Темир нан" / "Металлический хлеб", 45 мүнөт, режиссёру Чыңгыз Нарынов
2. "Физрук, алтын жана дарыя" / "Физрук, золото и река", 28 мүнөт, режиссёру Аманбек Ажымат
3. «Ырыскы» / «Благодать», 15 мүнөт, режиссёру Уланбек Эгизбаев
"Мыкты кыска метраждуу тасма":
1. "Лифт", 8 мүнөт, режиссёру Асан Жанталиев
2. "Мөлмөлүм" / "Жена моего отца", 22 мүнөт, режиссёру Венера Жаманкулова
3. "Топурак" / "Прах земной", 20 мүнөт, режиссёру Чолпонай Бөрүбаева