Энелер күнүнө карата Бишкекке концерт коюуга чакырылып жаткан орусиялык ырчылардын гонорарын президент Алмазбек Атамбаев өз каражатынан төлөп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 15-майда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. "Канча каражат төлөнөрү бизге белгисиз, бирок президенттик фонддон эмес, президент Атамбаев өз каражатына чакырууда",- деди басма сөз өкүлү.
Айта кетсек, 16-майда Энелердин күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен орусиялык ырчылар Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин Бишкекке келип, "Ала-Тоо" аянтында өтчү концертке катышышат.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинен тарта кыргыз мамлекетинде Энелер күнү белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп эсептелинет.
Дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет өзүнүн маданиятына, салтына таянып, атайын бир күндү салттуу түрдө Энелер күнү катары белгилейт. Энелер күнүн белгилөө Байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет. Америка Кошмо Штаттарында Энелер күнү 1872-жылдын май айынын экинчи жекшембисинде биринчи жолу белгиленген. Ал эми Орусия 1998-жылы ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап баштаган.