23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курама команда Бириккен Араб Эмираттарында жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышууда. Футболчуларыбыз 16-майда Кувейттин олимпиадалык курамасына каршы беттеш өткөрүп, 0:0 эсебинде ойношту жана муну менен алгачкы 1 упайга ээ болушту. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, эки командада тең гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болуп, бирок командалар аны текке кетирип коюшту.
Ошол эле убакта бул тайпада Иордания атаандашы Пакистанды 5:0 эсебинде утуп алды. Кийинки турдагы оюндар 18-майда өтөт. Анда кыргыз мамлекетинин олимпиадалык курамасы Иордания менен беттешет, Кувейт курамасы Пакистанга каршы турат.