Депутаттар "сексуалдык ден соолук", "сексуалдуулук" деген түшүнүктөр чагылдырылган мыйзамды жактырышты

Жогорку Кеңештин 21-майдагы отурумунда депутаттар "Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндө" мыйзамды жактырышты. 

Бул мыйзам жарандардын тукум улоо укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыгып, мамлекеттин ошол укуктарды ишке ашыруу боюнча кепилдиктерин аныктайт жана жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын сексуалдык жана тукум улоо, ден соолукту сактоого кызыкдар жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун күчөтүүгө багытталган.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн катарына "бойго жетпеген", "медициналык кийлигишүү", "сексуалдык укуктар" жана "сексуалдык ден соолук", "сексуалдуулук", "сексуалдык билим алуу", "жыныстык клеткалар", "карын энелик","карын энелик туурасында келишим" жана башка түшүнүктөр кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан