Жакында чыгармачыл топ: журналисттер жана маданият өкүлдөрү кыргыз жеринен Малайзияга сапар алганы жатат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - эки элдин жакындашуусуна жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген Малайзиянын тажрыйбасын жакындан көрүп-билүүгө шарт түзүү.
Кыргыз мамлекетинин Малайзиядагы элчилигинен билдиргендей, сапарда журналисттер Малайзиянын массалык маалымат каражаттарынын иштөө өзгөчөлүгү, туризм жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу тийиштүү мекемелерге барышып, жакындан маалымат алышмакчы. Чыгармачыл топту аталган өлкөдөгү мекендештерибиздин жашоосу менен тааныштыруу да күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чара "Ала-Тоо" кыргыз биримдиги жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылмакчы.