Бишкекте балдарга жана өспүрүмдөргө сексуалдык билим берүү туурасында мыйзамга каршы митинг өттү

Бүгүн, 25-майда Ак үйдүн астында балдарга жана өспүрүмдөргө сексуалдык билим берүү тууралуу мыйзамга каршы митинг өткөрүлдү. Нааразычылык акциясын “Баатыр ордо” коомдук фонду уюштуруп, анын төрагасы Адил Назаровдун айтымында, коомчулук жаңы мыйзамга каршы экенин билдирген кат президент Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлдү.

Быйыл 21-майда үчүнчү окууда Жогорку Кеңештин депутаттары “Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кажети” туурасында мыйзамды кабыл алышты. Ага ылайык, өспүрүмдөргө эми секс туурасында сабактар өткөрүлөт. Мындай сабактар 1-класстан, башкача айтканда, 7 жаштан бериле баштайт экен. Биз талап кылабыз, бул сабактар жок дегенде 14 жаштан баштап берилсин, анткени 1-класстын окуучусунун психикасы секс туурасында маалыматты кабыл алууга даяр эмес.

Аталган мыйзамга азыр президент кол коё элек, бирок биздин маалыматтар боюнча, басмаканадан бул мыйзам 500 миң нуска болуп чыгарылды. Биз каршыбыз”,- дейт коомдук активист.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
iliaz-sng
2015-05-25 11:32:15
Не кылат деймда окмот акча коротуп оздору эле уйронуп алат бул деген жаратылышда
+1
Samat81989
2015-05-25 11:34:17
чындыгында тура эмес.элестеткиле бугун секс сабагы болот дегенди
+2
kama_future_millioner
2015-05-25 12:16:46
Менда карышымын бул мыйзам ишке ашпаш кеерек
0
doni89
2015-05-25 12:20:05
Бул сабак биң мусулман дарга туура келбейт...ачык айкын сабак өтүлүшү болбойт...Анатомия Деген сабак өткөн учурда уят дечүүлек эми ачык эле секс сабагы деп калыптырго... элестеткиле секс сабагы окула турган болсо ошол сабак боюнча окуу куралдардв колдонушатда е сабакта жыныстык мүчөлөрдү кармап алып мугалим сабак өтүп жатат....болбойт уваше каршымын лично мен аны ар ким өзү эое окубай турупда үйрөнүп алат.
0
kuti-kg
2015-05-25 13:38:42
Биздин чиновниктер ХХХ ХХХ эмне кереги бар андан коро мамлекетке пайда алып келетурган иштер жонундо ойлонушпайбы ХХХ
0
admin_portal
2015-05-25 14:33:56
kuti-kg - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан