Туризм департаментинин директору Максат Чакиев 2 айга камакка алынды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Чакиев 2 айга камакка алынды. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо ишин карап, ушундай чечимге келгенин райондук соттун коомчулук менен байланышуу бөлүмү SUPER.KG порталына билдирди. Соттук отурум бүгүн, 30-майда жабык эшик артында өттү. Чечимге ылайык, Чакиев 2 ай СИЗОдо кармалмакчы. 
Чакиев 2014-жылдын июль айында чет элдик Ф.П. аттуу жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштап, 28-май күнү ал 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. 
Максат Чакиев пара берип жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2015-05-30 17:03:07
Артын жабам деп жатып арты тешилип калган тура
-2
Dinakg
2015-05-30 18:53:06
Бул кишини да подстава кылып койушту окшойт.Диназавр,киттерди кармаса болчу,калпэле балыктарды кармап алып мактанышпай.
+4
Hernandez
2015-05-30 18:59:27
Пара менен кармалгандардын баары подстава. Кайсы кызматкер жакпай калса, налогун толобой коюп оз билемдик кылса аны жоготуунун жолу ушундай
+1
ussr7
2015-05-30 19:21:30
Подстава!
100%
+1
baba.
2015-05-30 21:05:48
Корунуп эле турбайбы акчаны бериши менен кирип келип жатышат.Подстава бул.Ордуна подстава кылган адам келет .Кармадык туттук деп иштегендерин корсотушуп жатышабы же......
-1
saru
2015-05-31 10:12:25
Явно подстава.Сзон келди ордуна акчалуу келди дегендей болду да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан